Бишкектеги муниципалдык автоунааларда кондуктор иштейт

Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуу мекемеси жана шаардык троллейбус башкармалыгы муниципалдык транспорттордо жол кирени накталай төлөөнү көзөмөлдөөчү жана «Тулпар» картасын сатуучу кызматкерлерди — кондукторлорду ишке чакырууда.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, кондукторлордун айлык акысы күнүнө 1200 сом, мындан тышкары сатылган ар бир «Тулпар» картасынан 10 сомдон алышат.

Бишкектеги муниципалдык коомдук транспортто жол кирени «Тулпар» картасы менен төлөө, накталай төлөмдү токтотуу талабы быйыл 20-августтан башталган. Кийинчерээк автобус, троллейбус айдоочуларына жол акыны накталай алууга тыюу салынган. Бул айрым айдоочулардын нааразылыгын жаратып, троллейбус айдоочулар иш таштаган.

Шаардык мэриянын маалымдашынча, ноябрдын башында жол кирени электрондук түрдө төлөгөн жүргүнчүлөрдүн саны августка караганда 20 эсеге көбөйгөн.

Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдүн арасында «Тулпар» картасынын ыңгайсыздыгына, бат-баттан иштебей калышына нааразы пикирлер жок эмес.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси — негизги көйгөйлөрдүн бири.

Өкмөт Бишкекти Кытайда жасалган миң жаңы автобус менен камсыздоону, алардын жарымын жыл аягына чейин алып келүүнү көздөөдө. Азыркы тапта жаңы автобустардын 112си келип, иштеп жатат.