Быйылкы он айда жарым миллиондой жаранга кыргыз паспорту берилди

Жыл башынан бери он айда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин «Паспорт» автоматташтырылган тутумунун негизинде 455 507 жаранга Кыргызстандын ички паспорту, ал эми 435 442 жаранга жалпы жарандык паспорт берилген.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Азаттык» радиосу билдиргендей, былтыр бир жылда Кыргызстандын ички паспортун 443 199 жаран, ал эми жарандык паспортун 470 428 жаран алган.

Жыл башынан бери «Паспорт» автоматташтырылган тутумунун негизинде 193 669 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди.

Жарандардын улуттук паспорттору Кыргызстанда басыла турганы сентябрда маалым болгон. Ага ылайык, “Учкун” мамлекеттик басмаканасына заманбап жабдуулар сатып алынган.

Расмий маалыматтарда, жыл сайын Кыргызстан чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылган.

Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп.

Жасалма кыргыз паспорту менен эл аралык деңгээлде жаңжал жараткан окуялар да болгон. 2014-жылы грузин кылмыш төбөлү Роман Барбакадзе кыргыз паспорту менен кармалган. Андан бир жыл мурда Илья Самсония деген дагы бир грузиялык кримтөбөл «Манас» аба майданында кыргыз паспорту менен колго түшүп, төрт жылга соттолгон.

Казакстандык банкир, оппозиционер, бозгундагы Мухтар Аблязов 2012-жылы Нурдин Осмонов деген адамдын наамына кыргыз паспортун жасатып алганы ачыкка чыккан. 2015-жылы Стамбулда киши колдуу болгон тажик оппозициячысы Умарали Кувватовдун жанынан да кыргыз паспорту табылган.

2016-жылдын 17-майда Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган 98 уйгур улутундагы адамдан кыргыз паспорту алынган.