Бүгүн Бишкектин чыгыш тарабында суу болбойт

Бүгүн, 18-ноябрда Бишкектин чыгыш тарабында муздак суу болбойт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн саат 9:00дөн баштап саат 24:00 гө чейин Учкун кичи районунда жана Учкун конушунда таза суу берүү токтотулат:

Сууну өчүрүүгө диаметри 500 мм болгон магистралдык суу түтүгүндөгү авариянын жоюлушу себеп болгон. Чоң диаметрдеги магистралдык суу түтүгүн оңдоо өтө татаал жана эмгекти көп талап кылган процесс.

Бишкек мэриясы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, ишканаларды, мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди, ошондой эле калкты ичүүчү суу камдап алууларын суранат.