Кыргызстандык дзюдочу Жанар Жолдошева кадеттер арасында Азия чемпиону болду. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлады.
15-17 жаштагы дзюдочулар арасындагы мелдеш Ташкент шаарында өткөн.
Жанар килемге 57 килограмм салмакта чыгып, чейрек финалда ирандык, жарым финалда кытайлык, ал эми чечүүчү кармашта өзбекстандык спортчуну уткан.