Бишкекте Ала-Арча каналынан суу ташып, көчөлөрдү каптады

15-декабрда түштөн кийин Бишкек шаарынын Ахунбаев-Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ала-Арча каналынан суу ташып, жолду каптады.

 

Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” шаар мэриясынын басма сөз кызматы ырастап, учурда ал жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир, суу чарба башкармалыгынын эки техникасы иштеп жатканын билдирди.

 

Шаар мэри Айбек Жунушалиев да жеринен көзөмөлдөп жатканы, «Тазалык» ишканасынын техникалары да тартылганы белгилүү болду.

 

Мунун алдында “Азаттыкка” окуянын күбөлөрү жеринен видео жөнөткөн. Анда каналдан ашкан суу жолго агып чыгып, көчөлөрдү каптап калганын көрүүгө болот.

Соңку эки-үч күндөн бери Кыргызстандын аймагында катуу кар жаап, күн кескин сууктады. Кыргызгидромет борбору суук аба ырайы жайыттарда мал багууну, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатарын эскерткен.