Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын плей-офф бөлүгүнүн бардык катышуучулары аныкталды

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын плей-офф бөлүгүнүн бардык катышуучулары аныкталды. Тайпа ичиндеги биринчи орун менен кийинки турга “Бавария”, “Арсенал”, “Реал”, “Реал Сосьедад”, “Атлетико”, “Боруссия”, “Манчестер Сити” жана “Барселона” чыкты.

 

Экинчи орун менен – “Копенгаген”, “ПСЖ”, “Интер”, “Наполи”, “Лацио”, “Лейпциг” жана “Порту”.

 

Жарым чейрек финалга чүчү кулак тартуу 16-декабрда өтөт. Беттештер февраль-март айларына белгиленди.