Мунай ташуучулар күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылууга милдеттендирилди

Кыргызстандын мунай ташуучулары күйүүчү-майлоочу майдын керектүү запастарын камсыз кылууга милдеттендирилди. Алар менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы келишим түзгөн.   Анын алкагында компаниялар күйүүчү майга да жеткиликтүү бааны белгилеп, керектөөчүлөрдүн укугун бузуудан алыс болушу керек. Өз кезегинде монополияга каршы орган келишимдин аткарылышын туруктуу негизде көзөмөлдөйт.

Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу түркмөнстандык «Мервди» жеңип алды

Канттын «Абдыш-Ата» футболдук клубу түркмөнстандык «Мервди» жеңип алды. Беттеш кечээ Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.   Эки таймдын жыйынтыгы менен 8:3 эсебинде «Абдыш-Ата» жеңишке жетти.   Эске салсак, ата-мекендик клубдар арасында канттык команда АФК Кубогунун плей-офф баскычына жеткен алгачкы клуб.

Бишкек – Алмата унаа жолундагы Кордай ашуусу жабык

Бишкек – Алмата унаа жолундагы Кордай ашуусу аба ырайынын оор шарттарына байланыштуу убактылуу жабык. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Кыргызстандын жарандарына сапарларын аба ырайын эске алуу менен пландаштыруу сунушталат, — деп айтылат маалыматта.