Республика аймагында бүгүнкү күндө 70 миңден ашык кассалык-көзөмөл аппараты иштеп жатат

Республика аймагында бүгүнкү күндө 70 миңден ашык кассалык-көзөмөл аппараты иштеп жатат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жабдуунун 33 түрү кирген бирдиктүү реестр түзүлдү.

 

Ведомство техникалык тейлөө борборлору менен кызматташып, ККМ аппараттарын сатып алуу боюнча иштерди жеңилдетүү аракетин көрүүдө.

 

Андан тышкары, өлкөдөгү бир нече банктар POS-терминал функциясы бар гибриддик машиналарды жайылтып баштады.