Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда кар күрткүгө кабылган 16 жаранды Бишкекке жөнөттү

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда кар күрткүгө кабылган 16 жаранды Бишкекке жөнөттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык,  коңшу өлкө аймагында кар күрткүгө кабылып, жол жүрө албай калган 16 кыргыз жараны Отар айылынан Кордайды көздөй жөнөтүлдү.

 

Андан ары алар Бишкекке келишет. Эске салсак, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай калган. Аталган аймакта Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти да иштеп жатат.