Бишкекте №6 автобустун кыймылы өзгөрдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай чечим ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.
Эми автобус Ак-Ордо конушунан Көк-Жар кичи районуна, андан ары Рухий-Мурас жаңы конушун көздөй барат.
Буга чейин транспорт Гагарин көчөсүнөн Рухий-Мураска чейин каттап келген.