Өлкөдө “Тонировка” рейди жүрүүдө

Өлкөдө “Тонировка” рейди жүрүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору атайын уруксаты жок унаасынын алдыңкы айнектерин караңгылатып алган айдоочуларды аныктайт.

 

Мындай текшерүүлөр 31-декабрга чейин созулат. Эске салсак, мыйзамсыз тонировка үчүн айып жеке жактарга 20 миң сомду, юридикалык жактарга 40 миң сомду түзөт.