Жаңы жылдык майрамдарда ИИМ коопсуздук чараларын күчөтөт

Жаңы жылдык майрамдарда Ички иштер министрлиги коопсуздук чараларын күчөтөт. Алсак, коомдук жайларда балдардын жоголушуна жол бербөө боюнча иштер жүргүзүлөт.

 

Мындан тышкары маанилүү объектилер, анын ичинде чек арага жакын жайгашкан жайлар өзгөчө кайтарууга алынат.

 

Ошондой эле милиция кызматкерлерине эл көп чогулган жерлерде бейбаштык, массалык мушташ жана одоно мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча тапшырмалар берилди.