Аскар Бешимов Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды

Аскар Бешимов Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

 

Билдирүүгө ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.