Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун иштөө убактысы узартылды

Курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун иштөө убактысы узартылды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.

 

Алсак, поликлиникалар иш күндөрү эртең мененки саат 8ден кечки 8ге чейин, дем алыш күндөрү саат 8ден күндүзгү 2ге чейин иштешет.

 

Сасык тумоо белгилери байкалса дарыгерлерге кайрылуу сунушталат.