Кийинки жылы Кыргызстанда пенсияны жогорулатууга 970 миллион сом каралат

Кийинки жылы Кыргызстанда пенсияны жогорулатууга 970 миллион сом каралат.

 

Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, 2024-жылы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7 пайызга көбөйтүү пландалууда.

 

Жарым жылдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу төгүмдөр кайра каралат, эгер сумма жогоруласа, анда пенсиянын көбөйтүлө турган пайызы дагы жогорулашы мүмкүн.