Бишкек жана Жалал-Абадда үч миңге жакын батирдин курулушу аяктайт

Келерки жылы Бишкек жана Жалал-Абад шаарларында үч миңге жакын батирдин курулушу аяктайт. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, турак жайлар ипотекалык программанын катышуучулары үчүн курулуп жатат.

 

Белгиленгендей, үйлөрдүн баасы базар баасынан төмөн болот.

 

Кошумчалай кетсек, 2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания ар бир облуска там салууну пландоодо.