Акжол Махмудов 2023-жылдын доминант балбаны аталды

Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн версиясы боюнча 2023-жылдын эң доминант балбаны аталды. Ал быйыл 11 беттеш өткөрүп, анын биринде да утулган эмес.   Махмудов Азия жана Дүйнө чемпионаттарында, ошондой эле Азия оюндарында алтын медаль уткан.   Спортчу беттештердин 55 пайызын мөөнөтүнөн мурда жеңген (упай боюнча… Кененирээк…

Кыргызстан быйыл инвестициялык виза алуу үчүн 11 арызды жактырды

Кыргызстан быйыл инвестициялык виза алуу үчүн 11 арызды жактырды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчи орун басары Жибек Абдуллаева билдирди.   Анын айтымында, инвестициялык виза алуу үчүн жалпысынан 16 компания арыз берген. Үч компанияга баш тартылса, экөөнө түшүндүрмө берилген.   Эске салсак, инвестициялык виза… Кененирээк…

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 12 долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик 12 долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүдө. Мекеменин жетекчисинин орун басары Жибек Абдуллаеванын айтымында, программалардын жалпы баасы 2 миллиард доллардан ашат.   Долбоорлор арасында Чүй облусунда соода-логистикалык борбордун курулушу, Бишкек шаарында жана Чүйдө көп функционалдуу комплекстер, “Жунда” заводун модернизациялоо долбоорлору, күн станцияларын,… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда 11 бала бакча пайдаланууга берилди

Кыргызстанда 2023-жылы 11 бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, быйыл жалпы 10 балдар бакчасынын курулушун жана 2 бала бакчанын оңдоп-түзөөсүн бүткөрүү пландалган.   «Бүгүнкү күнгө карата 11 бала бакча пайдаланууга берилди (9 курулуш, 2 оңдоп-түзөө),… Кененирээк…

Кыргызстанда бир жылда 20 миң гектардан ашык жер трансформацияланды

Кыргызстанда жыл башынан бери жалпысынан 20 миң 291,14 гектар трансформацияланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.   Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинен: калкту конуштарга 302,82 га; логистикалык борборлорго 14,37 га; дене тарбия ден соолукту чыңдоо комплекстерине 46,13 га; пляждык аймакка 14,8 га; застава 200,0 га;… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №146 автобус каттамы ишке кирди

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №146 муниципалдык автобустун жаңы каттамы ишке кирди. Мэриядан билдиришкендей, линияга 25 транспорт кое берилет. Алар 8-10 мүнөттүк аралык менен жүрөт.   Каттамдын баштапкы аялдамасы – “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасы, акыркы аялдамасы – Чоң-Арык айылы.

Кыргызстанга сырттан дээрлик 655 млн доллар инвестиция келди

Быйылкы жылдын тогуз айында Кыргызстанга сырттан дээрлик 655 млн доллар түз инвестиция келди. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен маалым болду.   Маалыматка ылайык, инвесторлордун башында Кытай (157 млн доллардан ашык каражат менен) турат. Россия 132 млн доллардай салган болсо, Казакстандын инвестициясы дээрлик 55 млн… Кененирээк…

Ноокенде ири текстиль фабрикасынын курулушу башталды

Ноокенде ири текстиль фабрикасынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Долбоорго ылайык, ишкананын курулушу 2024-жылдын соңуна чейин бүтүшү керек. Курулуштун жалпы наркы 30 млн 950 миң долларды түзөт.   Фабрика ачылса 500дөн ашык жаңы жумуш орду пайда болот деп күтүлүүдө.

Бакыт Төрөбаев жаңы кызматка бекиди

Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент кол койду.   Эске салсак, Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин 27-декабрдагы жыйынында жактырган.

«Торугарт» жана «Эркештам» бекеттери убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 1-январда убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган пункттар кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылга байланыштуу жабык болот.   Иш 2-январдан тарта калыбына келтирилет.