Быйыл Кыргызстан боюнча 100дөн ашык мектеп курулду

Быйыл Кыргызстан боюнча 105 мектептин курулушу бүткөрүлүп, 18 мектеп оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.   Мектептер негизинен Ош жана Жалал-Абад облустарында курулган. Ал эми эң көп оңдоп-түзөөдөн өткөндөрү Ысык-Көл облусуна туура келет.