Баткенде куралдуу кагылышта курман болгон жоокердин ысымы Жалал-Абаддагы паркка берилди

Баткенде 2022-жылы куралдуу кагылышта курман болгон Нурислам Карыбековдун аты Жалал-Абад шаарынын Байзаков проспектисиндеги скверге берилди. Эс алуу багынын аянты 80 сотых. Буга чейин каралбай калган паркты оңдоого жергиликтүү бюджеттен 27 млн 446 миң сом бөлүнгөн.

 

Нурислам Карыбеков 2003-жылы Сузак районунун Багыш айыл аймагында туулган. Ал 2021-жылы Баткен облусунун Бужум айылындагы №2051 аскер бөлүгүндөгү “Бөрү” отрядында кызмат өтөп жүрүп, 2022-жылы Баткендеги чек ара жаңжалында курман болгон.

 

2022-жылы 14-17-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылыш болуп, эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн.

 

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.