Бишкектин борбордук бөлүгүндө 30-декабрдан 1-январга чейин унаа токтотууга тыюу салынат

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 30-декабрдан 1-январга чейин унаа токтотууга тыюу салынат. Мэрия маалыматына ылайык, бул күндөрү Эркиндик бульварынын Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейинки тилкесинде машиналарды токтотууга болбойт.

 

Аталган күндөрү парковка Раззаков, Орозбеков, Панфилов көчөлөрүндө гана уруксат берилет. Бул Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык майрамдоо иш-чараларына байланыштуу киргизилген чара.