«Манас» үчилтигиндеги каармандардын ысымын колдонууга тыюу салуу сунушталды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторундагы башкы каармандардын ысымын өз алдынча колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген.
Демилгеде мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка түрлөрүндө турган объектилердин жана чыгарылган продукциялардын аталыштарына «Манас» эпосунун үчилтигиндеги башкы каармандардын аттарын пайдаланууга министрлер кабинети тарабынан белгиленген тартипте уруксат берилери жазылган.
Ошону менен бирге эле Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы баянды «Манас» эпосунун классикалык варианты катары расмий бекитүү сунушталган.
Мыйзам долбоорунун максаты материалдык эмес маданий мурас чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди өркүндөтүү, «Манас» эпосунун үчилтигин коргоо, ошондой эле туура кабыл алуу болуп саналат.