Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды 200дөй киши издеп жатат

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды издөө иши бүгүн, 20-январда да уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы маалымдагандай, издөө иштерине 195 адам тартылды. Анын 145и ӨКМдин куткаруулары. Курамында кинолог жана 6 дрон, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 50 кызматкери бар.

Буга чейин аталган мекеме издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев көзөмөлдөп жатканын билдирген. “12 каминов” эс алуучу борборунун аймагында министрдин орун басары Урматбек Шамыркановдун башчылыгында штаб түзүлгөн.

 

14-январда Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында 28 жаштагы Мухамбеталы Маматалы уулу дайынсыз жоголгону кабарланып, издөө иштери башталган. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле анын тоо жакты көздөй бара жатканы Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасындагы камералардын бирине түшүп калган.

Анын жакындары буга чейин издөө иштери жай жүрүп жатканын билдирип, коомчулуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам сураган.