Кыргызстанда ветеринардык-санитардык талаптарга жоо бербеген 15 касапкана жабылды

Кыргызстанда ветеринардык-санитардык талаптарга жоо бербеген 15 касапкана жабылды. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов билдирди.

 

Анын айтымында, жалпысынан 101 касапкана реестрге катталган. Анын ичинен 10 мал союучу жай гана ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине кирип, эт азыктарын сыртка чыгара алат. Өткөн жыл ичинде ветеринардык-санитардык талаптарды бузган касапканаларга 225 миң сом айып салынды, — деди чиновник.