20-январда Бишкектеги Novotel мейманканасында кыргыз тилин жайылтууга багытталган «Балам үчүн кыргызча контент» аталашындагы иш-чара болот. Аны «Турар» басмаканасы уюштурууда.
Иш-чарада талкуулар жана эксперттердин семинарлары пландалган. Ошондой эле балдарга арналган китептердин бет ачары өтөт.
Коомдук-саясий ишмер Элдар Абакиров кызы менен чогуу «Кичинекей кыз жана жетинчи жылдыз» китебин чыгарышты.
«Кызым беш жаш кезинде бири-бирибизге оюбуздан чыгарып, жомок айтып берчүбүз. Ошол 4-5 жомокту баракчаларга чыгаргам, аны «Турар» басмаканасы жактырып, китеп түрүндө чыгарды. Эртең Novotel мейманканасында саат 14:00дө балдар үчүн чыгарылган кыргызча жомоктор, китептердин бет ачары өтөт. Ошонун ичинен кызым экөөбүз чыгарган китеп жөнүндө да айтып беребиз», — деди ал.