Челябинскте базарда чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Үстүбүздөгү жылдын 19-январында Россиянын Челябинск шаарындагы «Восточный город» базарында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

 

Ошол эле учурда, колдо болгон маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен КР эки жаранынын соода түйүндөрү күйүп кеткен. Тиешелүү шаардык кызматтар өрттүн себебин тактап жатышат.

 

Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы менен байланышта болууда.