Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу фактысы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу фактысы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

 

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “Коммерциялык уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”, “магистралдык түтүктөрдү курууда, эксплуатациялоодо же оңдоодо коопсуздук эрежелерин бузуу” жана “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

 

Тергөөнү УКМК жүргүзөт. Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария катталды. Андан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүүдө.