Жылуулук-электр борборундагы аварияга байланыштуу күнү-түнү чалуу борбору иштеп жатат. “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришкендей, ыкчам бригадалардын нөөмөтү уюштурулуп, кошумча кызматтар түзүлдү.
Жылуулук маселелери боюнча жарандар 1980 кыска номерине байланышса болот.