Жалал-Абадда аялдар бир жума бою ден соолугун акысыз текшерте алат

Үстүбүздөгү жылдын 5-10-февраль аралыгында Жалал-Абад облусундагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү аялдар акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. Бул Бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган акция экенин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
Каалоочулар облустагы бардык медициналык борборлоруна кайрылса болот.
«Текшерүүнүн алкагында жатын моюнчасындагы ракты аныктоо үчүн цитологиялык изилдөө жүргүзүлөт, ал эми жолдомо берилген болсо кольпоскопия, сүт бездерин дыкат кароо, УЗИ, зарыл болсо маммография жасалат», — деп айтылат маалыматта.