“Бишкек жылуулук тармагынын” балансындагы бардык абоненттер циркуляциялык режимге кошулду. Мындай чара жылуулук системасынын тоңуп калбашы үчүн көрүлдү, — деп билдиришти «Электр станциялар» компаниясынан.
Маалыматка ылайык, ЖЭБдин чыга беришиндеги түтүктө температура 35 градустан 68 градуска чейин кармалууда.
Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария катталды. Андан улам шаарга жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурады. Азыркы тапта кырсыктын кесепетин жоюу аракеттери жүрүүдө.