Карантиндик жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар бекитилди

Министрлер кабинети кезектеги отурумдун жүрүшүндө карантиндик жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чараларды бекитти.

Атап айтканда, төмөнкүлөр бекитилди:

 

  • Фитосанитардык чараларды колдонуунун тартиби — билдирүү;
  • Карантиндик объекттер менен булганган карантинге алынган продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтаруу боюнча фитосанитардык чараларды колдонуунун тартиби;
  • Карантиндик объекттер тарабынан карантинге алынуучу продукциянын, карантинге алынуучу объекттердин инфекциясынын жана (же) булгануусунун белгилери табылгандыгы жөнүндө өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик аткаруу органына билдирүүнүн тартиби;
  • Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторингди уюштуруунун тарт