Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо уланууда

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, кечээ жолдорго дээрлик 100 тонна өндүрүштүк туз чачылды. Учурда                       45 атайын техника иштеп жатат.

 

Ал эми тротуардагы, жол четтериндеги карды күрөөгө “Тазалык” ишканасынын жумушчулары чыкты. Жарандарга этият болуп, унааларды бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат. Ал эми айдоочулар авариялык абалдарды жаратпаш үчүн жол эрежелерин так сактап жүрүшү керек.