Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайты 16-февралда кабарлады.

57 жаштагы Уланбек Далиев буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп иштеген. 1992-жылы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган.

Буга чейин аталган кызматта отурган Эмилбек Абдыкадыров 14-февралда президенттин буйругу менен жумуштан бошотулган. 65 жаштагы Абдыкадыров президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп, былтыр 10-ноябрда дайындалган. Ага чейин бир жылдан ашуун Бишкектин мэри болгон.