Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн жүргүзүлөт

Пилоттук долбоордун алкагында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн режимде жүргүзүлөт. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

 

Бул пилоттук долбоорду 2024-жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин өткөрүү милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин координациясында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды.

 

Документ кыймылсыз мүлккө укуктарды онлайн режиминде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартибин бекитти.

Токтом санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарандарга санариптик форматтагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынган.