Ноокатта 2 млрд сомго соода-логистикалык борбор курулат

Ноокатта 2 млрд сомго соода-логистикалык борбор курулат. Бул боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимине кол коюлганын жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Долбоор заманбап соода-логистикалык борборду, анын ичинде соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн соода жайын, кайра иштетүүчү цехтерди, кампаларды жана унаа токтотуучу жайларды курууну камтыйт. Анын алкагында 4 миңден ашык жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө.