Соода-өнөр жай палатасына жаңы вице-президент келди

Нурлан Нартаев Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти болду. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, ага палата мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жүктөлдү. Ал ошондой эле палатанын мүчөлөрү жана республиканын аймактары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болду.

 

Нурлан Нартаев эмгек жолун прокуратурада, андан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында баштаган.