“Ак-Тилек” өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Novosti.kgге УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

 

Эске салсак, аталган мекеме 6-мартта эртең мененки саат 9дан күндүзгү 2ге чейин «Ак-Тилек» пунктунда убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн экенин, мунун себеби байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү боюнча профилактикалык иштерге байланыштуу деп кабарлаган.

 

Кошумчаласак, Кыргызстандагы башка чек ара өтмөктөрү да кадимки тартипте иштөөдө.