Чүйдө 54,5 млн сомго мектеп курулат

Чүйдө 54,5 млн сомго мектеп курулат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Панфилов районунда курула турган имарат 110 орунга чакталат.   Сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендер Турак жай-жарандык курулуш департаментинин каптиалдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланды.

Бишкек быйыл өзү 24 млрд сом таап, республикалык бюджеттен дээрлик 7 млрд сом алат

Бишкек шаардык мэриясы 2024-жылга борбор калаанын консолидацияланган бюджетинин киреше бөлүгүн 32 млрд 501 млн 814,8 миң сом деп сунуштады. Мэрия бюджеттин долбоорун коомдук талкуу үчүн өз сайтына жарыялады.   Мунун ичинен Бишкек шаары өзү быйыл 24 млрд 660 млн 712,3 миң сом табат. Анын 16 млрд… Кененирээк…

Сот Шайлообек Атазовду депутаттык мандатынан ажыратты

Бишкек шаарынын административдик соту депутат Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка караганда, Бишкектин административдик соту №29 Свердлов райондук округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.   2022-жылы февралда №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин… Кененирээк…

Алдыда 3 күндүк эс алуу

Бул жумада кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат — 8-9- жана 10-мартта. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, бүгүн иш күнү бир саатка кыска болот.   Андан тышкары, Нооруз майрамына карата 21инен 24-мартка чейин дем алыш жарыяланат.

Кыргызстанда электр энергиясын берүүдө киргизилген чектөөлөр көпкө созулбайт

Кыргызстанда электр энергиясын берүүдө киргизилген чектөөлөр көпкө созулбайт. Буга Энергетика министри Таалайбек Ибраев ишендирди. Анын айтымында, 10-марттан тарта өлкөдө күн жылып, аба табы 15-16 градуска чейин көтөрүлөт деп күтүлүүдө.   Бул учурда электр кубатын колдонуу көрсөткүчү кескин азаят. Андыктан, электр энергиясын маал маалы менен өчүрүү… Кененирээк…

Ошто бак-дарактардын жана миллиондогон гүлдүн көчөтү отургузулуп баштады

Ошто бак-дарактардын жана миллиондогон гүлдүн көчөтү отургузулуп баштады.   Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйыл шаарга 300 түп ийне жалбырактуу, 500 түп жазы жалбырактуу, Ак-Буура дарыясынын жээгине Ош шаарынын символу болгон мажүрүм тал, можжевельник, туянын эки түрүн отургузуу пландалууда.   Ошондой эле жол жээктерине,… Кененирээк…

Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды видео байкоо каттайт

Бишкекте туура эмес токтотулган унааларды видео байкоо каттайт. Мэрия жол эрежелерин бузууларды каттоого алуучу автоматтык система ишке киргенин билдирди.   Маалыматка ылайык, жол эрежелерин көзөмөлдөгөн кызматтын унааларына видеокаттоо жабдуусу орнотулуп, ал жолдогу унааларды сүрөткө, видеого тартып, туура эмес токтогондорун автоматтык түрдө аныктап кете берет.  … Кененирээк…

Германия Кыргызстандын энергетика тармагына 300 миллион евро инвестиция салууга кызыктар

Германия Кыргызстандын энергетика тармагына 300 миллион евро инвестиция салууга кызыктар. Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев немис компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.   Алар биздин өлкөдө күн электр станцияларын курууга 300 миллион евродон ашык инвестиция салуу, ошондой эле шамал энергетикасы тармагында кызматташуунун потенциалы жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.… Кененирээк…

Бишкекте №12 автобустун каттамы өзгөртүлдү

Бишкекте №12 автобустун каттамы өзгөртүлдү.   Мэриянын маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта аталган коомдук транспорт Каралаев жана Ахунбаев көчөлөрү аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгып, андан ары мурдагыдай эле Арашан айылына чейин барат.   Каттам шаардык тармакты оптимизациялоо максатында өзгөртүлдү.

Быйыл битир садага 50 сомдон башталат

Быйыл битир садага 50 сомдон башталат.   Мусулмандардын дин башкармалыгынан эскертишкендей, орозо айында берилүүчү зекет 1 адамга   1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Бул базар баасы менен алганда бир адамга 50 сомдон эсептелет.   Буудайдан тышкары ун, мейиз, арпа, курманын баасы менен берсе болот.… Кененирээк…