ЮНИСЕФ Кыргызстандагы 100 мектепти компьютердик класстар менен жабдыды

ЮНИСЕФ Кыргызстандагы 100 мектепти компьютердик класстар менен жабдыды. Техникалар Япония өкмөтү тарабынан каржыланган сапаттуу билим берүү долбоорунун алкагында берилди.

 

Программа Бишкек, Ош шаарларындагы жана өлкөнүн аймактарындагы жаңы конуштардын мектептерин камтыды. Долбоорго дээрлик 650 миң доллар сарпталган.