Бишкекти көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыяланды

Бишкекте 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, анын алкагында көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке турак жайларда жашаган жарандар тартылат.