Ажылыкка барууну пландагандагандар үчүн акча төлөө мөөнөтү узартылды

Ажылык сапарга барууну пландаган кыргызстандыктар үчүн акча төлөө мөөнөтү 14-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

 

Буга чейин зыяратчылар банкка 2 миң доллар төлөшсө, эми калган 1 миң 750 долларды төгүшү керек.

 

Муфтият шартка ылайык сумманы төлөөгө үлгүрбөгөндөр ажылыкка баруу үчүн электрондук кезектен чыгарыларын билдирди.

 

Эске салсак, быйыл Сауд Арабиясы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң 60 квота бөлгөн.