Бишкекте жана Чүйдө “Унаа” мамлекеттик мекемесинин дагы үч бөлүмү дем алышсыз иштейт

Бишкекте жана Чүйдө “Унаа” мамлекеттик мекемесинин дагы үч бөлүмү дем алышсыз иштейт.

 

Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Мындай аракет иш күндөрү унаасын каттатууга келе албагандарга шарт түзүү үчүн жасалууда.

 

Эс алуу күндөрү дагы иштей турган бөлүмдөр — Аламүдүн бөлүмү, Таш-Дөбө сектору жана Сокулук-Москва бөлүмү.