12 жылдык орто билим берүү жөнүндө токтом жактырылды

Министрлер кабинети 15-мартта өткөргөн жыйында 12 жылдык орто билим берүү камтылган «Жалпы орто билим берүүнүн түзүмүн модернизациялоо жөнүндө» токтом жактырылды.

Өкмөттүн сайтына жарыяланган маалыматта окуу мөөнөтүн өзгөртүү аркылуу окуучулардын сабаттуулугун жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу максат кылынган.

«Бул чечим мектептин жалпы билим берүү системасын 12 жылдык билим берүү моделине этап-этабы менен өткөрүүнү жана өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугу үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү адамдык капиталды өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен заманбап билим берүү тенденцияларына ылайык билим берүүнүн мазмунун жаңылоону баштайт», — деп жазылган маалыматта.

Бул реформага ылайык, 5-6 жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. Учурда жалпы билим берүүчү мектептерде, мектепке чейинки даярдоо үчүн 4048ден ашык класстар уюштурулган. Ал класстар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайыктуу окуу эмеректери жана окуу куралдары менен жабдылган.

Реформага ылайык окуучуларга кошумча орун берүү маселеси жергиликтүү бийликтер менен чогуу чечилет.

12 жылдык билим берүүгө өтүү маселесин президент Садыр Жапаров 14-мартта билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен талкуулап, каршы эместигин билдирген.

Азырынча 12 жылдык окуу системасы качан киргизилери боюнча маалымат жок.

Буга чейин мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев дагы ушундай системаны демилгелеген. Ал мунун максаты мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүү деп түшүндүргөн. Анда даярдоо классы (0-класс) жоюлуп, балдар алты жаштан дароо эле 1-класста окуй башташат. Бул сунуш социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.

Кыргызстанда 2 миңден ашуун мамлекеттик мектеп бар, аларда 1 миллиондой окуучу билим алат.