Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 42 миллиард 453 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 42 миллиард 453 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, белгиленген пландан сумма 1 миллиард 952 миллион сомго ашты. 2023-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу көрсөткүч 6,5 миллиард сомго өстү.