Жер мунапысы боюнча 8 миң гектар жер трансформацияланды

Жер мунапысына байланыштуу атайын комиссияга жалпысынан өлкө боюнча 142 миң 752 арыз келип түшкөн. Учурда 34 миң 112 үйгө паспорт, 46 миң 673 жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар берилди. Жалпы 8 миң 930 гектар жер трансформацияланган.

Бул маалымат 15-марттагы Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын жыйынында айтылды. Жыйынга бардык тийиштүү мамлекеттик органдын өкүлдөрү катышып, маалымат берди.

 

Бир нече депутат эң күчтүү жер мафиясы өзгөчө Чүй облусу жана Бишкек шаарында экенин белгиледи. Айрымдары жер мунапысы боюнча арыздар ыкчам каралбай жатканын сындашты.

 

Кыргызстанда миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө там салынып, ондогон жаңы конуштар пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-2010-жылдары бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберген.

2021-жылы 5-апрелде “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө”, башкача айтканда, жер мунапысы жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Мындан тышкары ошол эле жылдын 15-августунда «Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү кирген.