Сузакта өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты ачылды

Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №65 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Иш-чарага президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чже,БУУнун Өнүктурүү программасынын туруктуу өкүлү Александра Соловьева, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийлик жана тургундар катышты.

 

Сузак айылындагы өрткө каршы күрөшүү бөлүгүнүн имараты 1954-жылы курулуп, эскилиги жеткендиктен, 2018-жылы кооптуулугу боюнча атайын корутунду чыгарылган. Анын натыйжасында Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жаңы имарат курууга жер аянты ажыратып берилген.

Имаратты куруу демилгеси Кореянын KOICA агенттигинин “Калктын өрт коопсуздугун жогорулатуу жана өрткө каршы куткаруу кызматтарынын мүмкүнчүлүгүн бекемдөө” долбооруна сунушталып, колдоо тапкан.

 

Облус башчысы калкынын саны боюнча республикадагы экинчи ири район болгон Сузак районунун борборунда өрткө каршы куткаруу кызматынын жаңы имаратын куруу, анын техникалык базасын чыңдоо муктаждыгы абдан чоң болуп келгенин белгиледи.

Жаңы имарат, алынган техникалар өрт кырсыктарынын алдын алуу, жарандардын өмүрүн сактоо жана элдин коопсуздугу үчүн кызмат кылаарын кошумчалап, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.