1-апрелден тарта GoBus тиркемесинде өлкө ичиндеги жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди сатып алса болот

1-апрелден тарта GoBus тиркемесинде өлкө ичиндеги жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди сатып алса болот. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

 

Бишкек-2-Кайыңды жана Бишкек-1-Токмок жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди «Гоубас» мобилдик тиркемесинен алуу жеткиликтүү болот.

Билеттерди Бишкек-2 бекетинин кассасынан поезд жөнөгөнгө чейин жана поезддин ичинде бардык төлөм системалары жана Visa банк карталары үчүн накталай жана накталай эмес төлөө, мобилдик тиркемелердин жана электрондук капчыктарынын QR коду менен сатып алса болот.