Жалал-Абад облусунда бул жылы 3 жаңы подстанция курулат

Жалал-Абад облусунда бул жылы 3 жаңы подстанция курулат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, эки объект Аксы районунун Дейрес жана Жерге-Тал айылдарында салынып, 35 жана 110 киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт.

 

Үчүнчү подстанция Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылында пайда болот. Андан тышкары, “Төрөбаев” көмөк чордонунда кубаттуулук жогорулатылат. Бул иштер аймактагы электр энергиясынын сапатын жакшыртууга багытталат.