“Бишкекгаз” беш күндүк графикке өтөт

“Бишкекгаз” беш күндүк графикке өтөт. Компаниянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, мунун себеби жылуулук берүү мезгилинин аякташына байланыштуу.   Ага ылайык, 30-марттан тарта калкты тейлөө борбору ишемби күндөрү иштебейт. Бирок дүйшөмбүдөн жумага чейин эртең мененки саат 8ден кечки 5ке чейин түшкү тыныгуусуз иштейт.

Катуу шамалдын кесепетинен жабыркагандар 24 адамга жетти

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда болгон катуу шамалдын кесепетинен 24 адам жабыркады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Анын төртөө ооруканага жаткырылса, калгандарына амбултордук жардам көрсөтүлдү. Жабырлануучулардын биринин абалы орточо оор, калгандарыныкы канааттандырарлык деп бааланууда. Алардын көбү башынан жана денесинен сыйрылган, кесилген… Кененирээк…

Кыргызстанда алгачкы кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды

Кыргызстанда кыска мөөнөттүү бала бакчалар расмий иштей баштады.   Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, өлкө боюнча пландаштырылган 560 кыска мөөнөттүү бала бакчанын биринчиси Чүй облусунун Москва районунда ачылды. Бул жер эртең менен же түштөн кийин келе турган 50 бала менен иштөөгө ылайыкталган. Жалпысынан Москва… Кененирээк…

Бир мандаттуу үч округда шайлоодо талапкер болуу үчүн 42 киши арыз берди

Баткен, Кара-Суу жана Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Боршайкомдун маалыматына караганда, Ош округунан 18, Кара-Суу жана Баткен округдарынан 12ден киши шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берди.   Эми БШК алардын документин 8-апрелге чейин текшерип… Кененирээк…

Катуу шамалдын кесепетинен 10 адам жабыркады

28-мартта өлкө аймагында катталган катуу шамалдан алдын ала маалымат боюнча 10 адам, 70 социалдык объект, 80 турак үй, 4 чарбалык курулуш жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Учурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу, материалдык чыгымдарды тактоо жана ыкчам чара көрүү максатында Жарандык коргонуу кызматтары… Кененирээк…

Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрүү коркунучу жогору

Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында сел жүрүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.   Маалыматка ылайык, бүгүн-эртең күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу аталган аймактардын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Мындан улам… Кененирээк…

Бишкек: шамалдан эки бала, 19 билим берүү мекемеси жабыркады

Бишкек шаары жана Чүй облусунда катталган катуу шамалдан улам ордо калаада эки бала жабыркады. Алардын абалы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.   Мындан тышкары, алдын ала маалымат боюнча Бишкекте 25 турак үйдүн, Чүй облусунда алты социалдык мекеменин жана 15 үйдүн чатыры учуп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар… Кененирээк…

Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга киргизилген чектөө алынды

Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Ош жолунда кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүрүүдө   . Эске салсак, Сосновкада жүк ташыган машинелердин өтүшүнө чектөө кечээ түнкү саат 10:30дар чамасында аба ырайына… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта 1-апрелге чейин жеке үйлөрдө ысык суу болбойт

Бишкекте бүгүнтөн тарта 1-апрелге чейин жеке үйлөрдө ысык суу болбойт. Буга жылуулук тармактарын сыноо себеп болууда.   Өчүрүү борборлоштурулган жылуулук менен камсыздалган жеке турак жайларга гана таасирин тийгизет. Көп батирлүү үйлөргө ысык суу берүү чектелбейт.   Бишкек жылуулук тармагы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле… Кененирээк…

Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди

Төө-Ашууда оор жүк ташыган унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мындай чара аба ырайына байланыштуу тыгындарды болтурбоо үчүн кабыл алынды жана Бишкек-Ош жолунда климаттык шарттар жакшырганга чейин күчүндө болот.