Кыргызстанда быйыл 100 өнөр-жай жана 100 социалдык объект ачылат

Кыргызстанда быйыл 100 өнөр-жай жана 100 социалдык объект ачылат.

 

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, Чүй облусунда цемент заводу, унаа чогултуучу кыргыз-өзбек заводу, карапа такча чыгаруучу, тамеки продукциясын чыгаруучу заводдор жана башка ишканалардын ачылышы пландалууда.

 

Премьер белгилегендей, объектилер Кара-Кыргыз автономдук облусунун 100 жылдыгына карата курулат.