Бишкекте катуу шамалга байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал 3 күн күчүндө болот.
Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди. Анын айтымында, учурда жер-жерлерде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.
Ошондой эле калыбына келтирүү жана санитардык тазалоо иштери жүрүүдө. Эске салсак, кечээ Бишкек жана Чүй облусунда катуу шамал катталды. Анын ылдамдыгы секундасына 26-28 метрге жеткен. Бороондон кийин медициналык жардамга 26 адам кайрылды.